Чет элдиктерге Ысык-Көлдөн мүлк сатуу боюнча мыйзам каралды

30.05.2024, 16:00 Акчабар
Чет элдиктерге Ысык-Көлдөн мүлк сатуу боюнча мыйзам каралды

Жогорку Кеңеш чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоорун карап, экинчи окууда кабыл алды.

Өзгөртүүлөргө ылайык, чет өлкөлүк жактарга эс алуу жайларын жана туризм инфраструктурасын убактылуу пайдалануу укугу берилиши мүмкүн. Бирок аларга жер тилкелери сатылбайт. 

Депутаттар мындай өзгөртүүлөр чет элдик капиталдын агымына шарт түзүп, Ысык-Көлдүн курорттук аймагын өнүктүрүүгө жардам берет деп эсептешет.

Талкууда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, демилгечилердин бири Балбак Түлөбаев жер тилкелери эмес, эс алуу жайлары гана сатылып жатканын баса белгиледи. Талайбек Масабиров, Жаныбек Кыдыкбаев жана башка депутаттар киргизилип жаткан түзөтүүлөрдү колдошту. Мыйзамдын демилгечилери – депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бактыбек Сыдыков.

 

Тэги: чет элдик Ысык-Көл облусу мүлк сатып алуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу