Капиталдык курулуш кызматкерлери мамлекетке дээрлик 15 млн сом зыян келтиришти

23.09.2022, 11:03 Акчабар
Капиталдык курулуш кызматкерлери мамлекетке дээрлик 15 млн сом зыян келтиришти

Ысык-Көл облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери курулуш компаниясы менен сүйлөшүп алып, мамлекетке 14 миллион 75 миң сом зыян келтиришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл районунун прокуратурасы тарабынан Сары-Ой айылындагы “А” ден соолукту чыңдоо комплексине бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын өздөштүрүлүшүнүн мыйзамдуулугу текшерилгени такталды.

“Бюджеттик каражаттар “О.Т.С.” ААКга жумуш көлөмүнүн ишенимдүүлүгү текшерилбестен, мыйзамсыз төлөнүп берилген, ал эми курулуш иштери ишкана тарабынан толук аткарылган эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда, кеп Сары-Ой айылында жайгашкан “Асыл” балдардын ден соолукту чыңдоо комплекси тууралуу болуп жатат.

Тэги: экономика новости Кыргызстана коррупционер строительство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу