Өлкөдө жумушсуздардын саны 1,8%га кыскарды

06.01.2023, 12:08 Акчабар
Өлкөдө жумушсуздардын саны 1,8%га кыскарды

Былтыр, 2022-жылдын 1-декабрына карата жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 101,5 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.

Бул сан 2021-жылдын 1-декабрына салыштырмалуу 1,8% аз. Маалыматка ылайык, 76,4 миң адам жумушсуз деп катталган, же 2,9%га аз.

“Каттоодо турган жана жумушсуз деп катталгандардын ортосундагы айырма сунушталган жумуштан эки жолу баш тарткан, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга катталган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде келбеген адамдар”,-деп айтылат маалыматта. 

Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,5%ын аялдар түздү. Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,9%ды түздү. 

 

Тэги: новости Кыргызстана Минтруда безработные

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу