Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 637 миң адамды түздү

19.04.2021, 15:30 Акчабар
Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 637 миң адамды түздү

2021-жылдын башындагы эсептөөлөр боюнча, Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 6 миллион 637 миң адамды түзгөн. Алдын ала маалыматтарды улуттук статистика комитети билдирди.

Ошентип, туруктуу калктын үчтөн бири (34%) шаар тибиндеги конуштарда, үчтөн экиси (66%) айыл жеринде жашашкан.

Жалпы калктын 35% дан ашыгын балдар жана өспүрүмдөр түзсө, 57% эмгекке жарамдуу курактагы адамдар жана 8% эмгекке жарактуу курактагылар.

Жалпысынан Кыргыз Республикасында 100дөн ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт, алардын көпчүлүгү (2021-жылдын башындагы эсептөөлөр боюнча): кыргыздар - 4 млн 896 миң адам (73,8%), өзбектер - 985 миң адам (14,9%) жана орустар - 341 миң адам (5,2%).

Тэги: Нацстатком КР население

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу