Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттеринин ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2023-жылдын январь айынын акырына карата 884,2 миң адамды түзүп, 2022-жылдын ушул эле датасына салыштырмалуу 10,1%га азайган. Бул тууралуу ЕЭКтин Статистика департаменти билдирди.
Ошентип, жумушсуздардын саны жумушчу күчүнүн 1% түзөт. 2022-жылы бул көрсөткүч 1,1%ды түзгөн.
Кыргызстанда 2023-жылдын январь айынын аягында жумушсуздардын саны 72,3 миң адамды түздү (жумушчу күчүнүн 2,7%). 2022-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 75,7 миң адамды (жумушчу күчүнүн 2,8%) түзгөн.