“Манас” эл аралык аэропорту алдын ала маалыматтар боюнча 2022-жылдын 31-декабрына карата 4 миллиард 538 миллион 119 миң сом таза киреше алган. Бул тууралуу компаниянын кварталдык отчетунда айтылат.
Бул өткөн жылдагы 3 миллиард 538 миллион 799 миң сом кирешеге салыштырмалуу 28,2%га өскөнүн көрсөтөт.
Ушул жуманын башында, 25-апрелде, жалпы жылдык чогулушта аэропорттун акционерлери бир акцияга 47,8383 сом өлчөмүндө дивиденд төлөөнү жактырышкан. Бул таза кирешенин 33,8% дивиденд катары төлөнгөн мурунку жылга салыштырмалуу 32,4%га көп.
Аэропорттун 79,0533% үлүшү менен негизги акционери мамлекет.