2020-жылдын жыйынтыгы менен «Айыл Банктын» таза кирешеси 96 млн 718.3 мин сомду түздү. Бул тууралуу акционерлердин жылдык жыйынында маалым болду.
Акционерлердин чечимине ылайык, кирешенин 50% же 48 млн 360 мин сому «Айыл Банктын» жөнөкөй акцияларын жогорулатууга багытталат.
Кошумчалай кетсек, жылдык жыйында банктын мүчөлөрүн бекитүү жана мурда кабыл алынган эрежелердин топтомун жараксыз деп табуу чечими кабыл алынды.