«Манас» эл аралык аэропорту» ААКы аймактык ооруканага жана Сокулук районунун ҮМБге COVID-19га каршы күрөшүү үчүн материалдык жардам көрсөттү.
Өлкөдөгү оор эпидемиологиялык абалга байланыштуу медициналык жабдык жана жеке коргоо каражаттарын сатып алууда көмөк көрсөтүлдү:
• керебеттин жанындагы мониторлор – 2 даана
• кычкылтек концентраторлору – 3 даана
• жеке коргонуу каражаттары – 55 даана
Маалымдама: өлкөдөгү оор эпидемиологиялык абал курчуган учурда Сокулук районунун аймагында COVID-19 жана пневмония менен ооругандар үчүн 379 койка-орунга 29 күндүзгү стационар ачылган. Бар болгон маалымат боюнча, 2020-жылдын июль айына карата күндүзгү стационарлар ачылгандан бери 10 миңден ашык адам меджардам алууга кайрылган; Сокулук районунда COVID-19 жана пневмония менен ооругандардын саны 3 800 адамды түзгөн.