Чүй облусунда картошканы кайра иштетүүчү завод курулууда

19.04.2024, 14:53 Акчабар
Чүй облусунда картошканы кайра иштетүүчү завод курулууда

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөтүндө картошканы кайра иштетүүчү завод курулууда. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Маалыматка ылайык, завод жүздөгөн адамдарды иш менен камсыз кылат. Ишкана эң негизгиси жумуш орундарын түзүү гана эмес, дыйкандар үчүн айыл чарба продукциясын туруктуу сатууга мүмкүнчүлүк түзөт. 

Ошондой эле, картошка ашыкча себилгендиктен, түшүмдүн арзан баада сатылгандыгы белгиленген. 

“Бул продукцияны сактоо кымбат жана чыгашалуу процесс, андыктан крахмалга жана башка азыктарга кайра иштетүү аны кымбат баада сатууга мүмкүндүк берет, бул эң пайдалуу вариант”, - деп айтылат маалыматта.

Тэги: картошка Чүй облусу кайра иштетүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу