Чүйдө мыйзамсыз берилген 48,5 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

12.04.2022, 16:50 Акчабар
Чүйдө мыйзамсыз берилген 48,5 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн чечими менен 48,5га жайыт жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан Жер кодексинин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча органдары” жөнүндө мыйзамынын аткарылышы боюнча Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган айыл өкмөттүн 2003-жылдагы чечими менен Т.Ж. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө 48,5га жайыт жер тилкеси убактылуу колдонуу үчүн 49 жылга берилип кеткендиги аныкталган.

"Прокурордук актынын негизинде, жыйынтыгы менен Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн чечими менен жогоруда аталган 2 млн 425 миң сомго бааланган  48,5 га жайыт жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кайтарылды",- деп айтылат маалыматта.

Тэги: Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтү жайыт жер тилкеси Башкы прокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу