Чүйдөгү балык чарбаларына 240 миң сомдой айып пул салынды

21.09.2023, 17:36 Акчабар
Чүйдөгү балык чарбаларына 240 миң сомдой айып пул салынды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы Чүйдүн Ивановка, Милянфан, Кең-Булуң айыл аймактарындагы токой фондусунун жерлеринде жайгашкан 43 балык чарбасын текшерди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында жерлерди пайдалануу эрежелери бузулуп, ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, жазма буйруктарын, жана талаптарын аткаруу тартиби бузулган. 

“Мыйзам бузган 43 балык чарбасына 239 миң 500 сом айып пул салынды”, - деп айтылат маалыматта. 

Учурда Чүйдөгү башка дагы балык чарбалар текшерилүүдө. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу