Министрлер кабинетинин мүчөлөрү бир катар чечимдерин карап чыгып, жактырышты.

29.01.2022, 09:18 Акчабар
Министрлер кабинетинин мүчөлөрү бир катар чечимдерин карап чыгып, жактырышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Министрлер кабинетинин мүчөлөрү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал боюнча маалыматты угушуп, андан соң бир катар чечимдерин карап чыгып, жактырышты

Тактап айтканда, министрлер кабинетинин мүчөлөрү «Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби жөнүндө», адал индустриясы жөнүндө жана «Контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун жана колдонуунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтом долбоорлорун карап, жактырды.

Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору жана «Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Жашыл шаарлар 2, Терезе 2» Алкактык программасынын «Бишкек автобустары» долбоору) ратификациялоо тууралуу» Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоору жактырылды.

Мындан тышкары, «2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» токтом долбоору жактырылды.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кароого киргизилген бир катар ченемдик-укуктук актылар тар ведомстволук мүнөзгө ээ экендигин белгилеп, министрлик жана ведомство жетекчилерин кеңешмеге өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийиштүү жана министрлер кабинетинин жалпы курамынын жактыруусун талап кылган маанилүү маселелерди гана киргизүүгө чакырды.

Тэги: кабмин Кыргызстан заседание

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу