Чоң-Алай районунда 600дөн ашык электр мамычалары алмаштырылат

22.04.2024, 17:04 Акчабар
Чоң-Алай районунда 600дөн ашык электр мамычалары алмаштырылат

“Ош электр тармактары” ишканасынын Чоң-Алай РЭТинде күз-кыш мезгилдерине даярдык жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. 

Капиталдык курулуш иштери жасалып, Дароот Кара-Кыя фидеринде эскилиги жеткен жыгач электр мамычалары бетон мамычаларга алмаштырылууда. 

“Быйылкы жылга аталган райондо 600дөн ашуун темир бетон мамычалары орнотулат”, - деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле, 3 кошумча көмөк чордон коюлуп, Жекенди аба чубалгысынан 22 км 10кВтук аба чубалгы Жекенди айылына чейин тартылат, Кашка-Суудан 2 км аба чубалгысы Ачы-Суу айылына чейин тартылат. Дароот Кара-Кыя фидеринен 6 км аба чубалгысы Дароот, Кара-Кыя айылдарында структуралык калкама өткөргүчтөргө (СИП) алмашылат.

Жалпысынан район электр тармагы 3 бөлүмдөн турат жана 4 миң 965 электр энергиясын керектөөчү абонент бар. Чоң-Алай районунда кыш көпкө созулганы менен авариялык өчүүлөр дээрлик катталбайт.

Тэги: Ош облусу Чоң-Алай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу