Чоң-Алайда көмүр казган «LUNENG» жеке компаниясынын лицензиясы жоюлду

27.03.2023, 10:00 Акчабар
Чоң-Алайда көмүр казган «LUNENG» жеке компаниясынын лицензиясы жоюлду

Чоң-Алай районунда “Луненг” жеке компаниясы ээлик кылган көмүр кенинин лицензиясы жокко чыгарылып, мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган компания, 10 жыл аралыгында мыйзам бузуу жолу менен көмүр казып келген. Тактап айтканда, компания өзүнө таандык тилкеден тышкары чыгып, мамлекетке тийешелүү тилкедеги көмүрдү казып кеткен.

Көмүр кени мамлекеттин балансына өтүп, “Чоң-Алай көмүр” мамлекеттик ишканасы деп түзүлдү. 

“Кен мамлекетке иштеп баштаган 2 айдын ичинде көмүр казуудан дээрлик 54 млн сом (53, 9 млн) жүгүртүлгөн. Анын таза кирешеси 13,6 млн сом болду. Кирешебизге керектүү жабдыктарды сатып алып, видео көзөмөл орнотуп, 3 чакырымдан зым тартып баруу иштерин уюштурдук. Кудай буюрса 3 жыл ичинде Чоң-Алай району дотациядан чыгабыз деген ишенимдебиз”, - дейт Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев.

Аталган ишканада жалпы 100гө жакын жумуш орду түзүлгөн. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу