Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарлары кеңейет

01.01.2024, 16:30 Акчабар
Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарлары кеңейет

Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Аймактык реформаны Ысык-Көл облусунда дагы жүргүзүү пландалууда. Тагыраагы, Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарлары кеңейтилет.

Жарлыкка ылайык, аталган шаарларга төмөнкү айыл аймактары кошулмакчы:

  • Чолпон-Ата шаарынын курамына Бостери айыл аймагы;
  • Каракол шаарына Челпек айыл аймагы;
  • Балыкчы шаарына Көк-Мойнок айыл аймагы.

"1-апрелге чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сунуштарын жактырып, реформа жүргүзүү тапшырылды", - деп айтылат маалыматта. 

Тэги: Чолпон-Ата шаары Балыкчы Каракол шаары,

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу