Президент Садыр Жапаров “Акылман” президенттик лицейи жөнүндө” жарлыкка кол койду. “Акылман” президенттик лицейи Билим берүү жана илим министрлигине карайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечим бүткүл өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында кабыл алынган.
“Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу сынактын негизинде болот. Ал эми сынак 6-классты окуп жаткандардын ичинен жүргүзүлөт.