Чолпон-Ата шаарында жаңы кичи район курулат

06.12.2023, 09:31 Акчабар
Чолпон-Ата шаарында жаңы кичи район курулат

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көп кабаттуу үйлөр жана социалдык-маданий маанидеги объектилери бар жаңы кичи районду куруу үчүн жер берүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Тиешелүү чечим жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

“Документке ылайык, Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине мөөнөтсүз пайдаланууга мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 35 гектар жерди белгиленген тартипте өткөрүп берүү тапшырылды, анын ичинен Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына 1 гектар жер, Чолпон-Ата шаарынын мэриясына 34 гектар жер”, - деп айтылат маалыматта. 

Бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаарынын тургундарынын тизмесинде жеке турак жай курууга арыз бергендердин саны 3 миң адамдан ашат. Учурда жерге көп кабаттуу турак-жай жана административдик имараттарды куруу долбоору иштелип жатат.

 

Тэги: турак жай Чолпон-Ата кичи район

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу