Чолпон-Ата шаарында 2-июнда "Борбор Азия — Европа Биримдиги" аталышында саммит өтөт. Аталган саммитке Борбор Азиянын өлкө башчылары жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Жыйында эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат.
Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Ал эми 3-июнда, Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары болот.