Чолпон-Атада «Алтын балалык» реабилитациялык борбору оңдоодон кийин ачылды

01.06.2022, 14:40 Акчабар
Чолпон-Атада «Алтын балалык» реабилитациялык борбору оңдоодон кийин ачылды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" реабилитациялык комплекси оңдоодон кийиначылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаровбаштаган бир катар бийлик өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Долбоорго ылайык, комплекс 500 орунга ылайыкташкан жана 8 блоктон турат: аллергологиялык, онкологиялык, пульмонологиялык, акушердик-гинекологиялык, педиатриялык хирургия, функционалдык диагностика жана неврология.

Комплексте ошондой эле уктоочу блоктор, клиникалык лабораториялар, тамактануу бөлүмү, кир жуучу жай жана магниттик-резонанстык томограф бар.

“Бүгүн биз дагы бир жакшы саамалыкка күбө болуп атабыз. Сиздер билгендей эле 2021-жылы октябрда ушул борборду ишке киргизүү үчүн каражат чогултуу боюнча кайрымдуулук марафону жарыяланган. Жыйынтыгында 30 млн 90 миң сом чогултулду. Бул курулуш иштерин тездетүүгө шарт түздү. Республикалык бюджеттен бир тыйын дагы кеткен жок. Биз ден соолугу чың балдарды тарбиялашыбыз керек. Балдар – биздин келечегибиз”, - деди мамлекет башчы.

Комплекстин жалпы аянты 19,5 миң чарчы метрди түзөт. Бул комплекстин жайгашкан жери Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги климаттык жана бальнеологиялык шарттарды эске алуу менен тандалган.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу