Чолпон-Атага кичи район куруу үчүн 35 гектар жер бөлүндү

07.12.2023, 12:50 Акчабар
Чолпон-Атага кичи район куруу үчүн 35 гектар жер бөлүндү

Чолпон-Ата шаарына көп кабаттуу үйлөр жана социалдык-маданий маанидеги объектилери бар жаңы кичи район куруу үчүн 35 гектар жер бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Өкмөттүн маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаарынын жеке турак жай курууга арыз берген тургундарынын саны үч миңден ашат.

Учурда ал жерге көп кабаттуу турак жай жана административдик имараттарды куруу долбоору иштелип жатат.

Тэги: кичи район турак жай Чолпон-Ата

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу