Кыргызстандын аудиторлорунун Бирдиктүү мамлекеттик реестрине эмнелер кирет?

10.10.2022, 13:15 Акчабар
Кыргызстандын аудиторлорунун Бирдиктүү мамлекеттик реестрине эмнелер кирет?

Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби бекитилди. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестри төмөнкүлөрдөн турат:

  • аудиторлордун реестри;
  •  аудитордук уюмдардын реестри;
  • кесиптик аудитордук ассоциациялардын реестри;
  •  коомдук кызыкчылыкка ээ субъекттердин, ири ишкердиктин субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдардын реестри.

Реестр Экономика жана соода министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан жүргүзүлөт.

Тэги: экономика аудиторские услуги Минэконом КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу