Эскроу эсеп деген эмне? Ал эмне үчүн керек??

11.07.2019, 12:29 Өнөктөштүк макаласы
Эскроу эсеп деген эмне? Ал эмне үчүн керек??

Биз ири суммадагы соодалашууда үй же унаа сатып алуу же сатууда канчалык корголгонбуз? Канткенде алданбай эсептешсек болот? Бул максатта дүйнөлүк тажрыйбада  «эскроу-эсеп» көптөн бери колдонулат. Бул абдан ыңгайлуу жана эң негизгиси коопсуз каражат.  

Араб Эмираттарында эскроу-эсеп аркылуу үлүшкө курулуп жаткан курулуштарды коргошот. Ал эми Россияда  мындай мыйзам ушул жылдын  июлунда иштеп баштады. Кыргызстанда бул сунуш жаңылык. Бирок, дал ушул операция  сатуу же сатып алууда кардарды алданып калуудан коргогон керектүү кызмат. 

 «Колдон колго»  жасалган операция

Азырынча Кыргызстанда үй  же машина сатып алуу эски адаттагы «колдон колго»  сатылат. Тилекке каршы,  айрым учурда ири соода кылуу кубаныч эмес,  кайгы алып келип, бир тарапты сызга олтургузган жагдайлар дагы жок эмес. 

 «Колдон колго» жасалган соода эмнеси менен коркунучтуу:

  • Алдамчыларга туш болуп, акчадан кол жууп калышыңыз мүмкүн. 
  • Арасында жасалма купюра кошулуп кетиши мүмкүн. 
  • Сооданы  үзгүлтүккө  учуратуу – дагы бир тобокелдик. 
  • Кардардын төлөм кудурети бүдөмүк болот. 

Жогорудагы  терс жагдайларга кабылбоо максатында ири суммадагы сатуу жана сатып алуулардагы тобокелдикти жок кылуу үчүн дал ушул  эскроу-эсеп ойлонуп табылган. Алсак, ипотекага төлөм жасоо. 

Эксперттер айткандай соодалашкан бир тарапка карата ишенбестик, төлөө кудуретин аныкталбаганы  көп учурда сооданы солгундатып коет. 

Эми  «Бай-Түшүм» банкында эскроу-эсеп  кандай иштейт?

Жогорудагы эсеп сатуучуга дагы жана сатып алуучуга дагы коопсуз эсептешүүнү камсыздайт. Демек, сиздер «Бай-Түшүм» банкынан ушундай эсепти ачып, анда сатып алуучунун акча каражаттары толук документтер катталганга чейин чектелип турат.

Качан гана соодалашуу аяктаган соң, баардык тиешелүү  документтер катталгандан кийин эсепте жаткан мүлккө ээ болгон соң, каражат экинчи тарапка – өткөрүлөт. 

 Эскроу-эсептин масштабы канчалык?

Албетте, чексиз! Эсептеги суммага эч кандай чектөө жок, эски  запорожц  же ири бизнеспи айрымасы жок. Баарына бирдей. 

Каалаган адам –  жеке же юридикалык жак эскроу-эсепти цехти, иштеп жаткан ишкананы, дүкөн, автомобиль же башка коммерциялык мүлктү сатууда пайдаланса болот. 

Кээде тараптар банк эсептерин колдонушат. Мындай инструмент  чет өлкөдө кеңири колдонулат. Там сатып же сатып алуудан тартып, бизнести бириктирүү, баалуу кагаздарды сатып алууда жана башка  соодалашууда колдонушат. 

 Эскроу-эсептин схемасы

Сатуучу  менен кардар «Бай-Түшүм» банкына келип, эскроу- эсеп ачышат. Анда үч тараптуу келишим түзүлөт. Ошентиип, сатып алуучу макулдашылган сумманы өз эсебине которт. Андан кийин банк аны чектеп, баардык документтер катталганга чейин кардарга салынган сумма тууралуу маалымат берип, соодалашуунун соңун күтүшөт. 

Эми гана тараптар баардык коммерциялык  операцияны жасоого даяр. Мамлекеттик катоодо же  нотариуста акыркы келишимдер тастыкталат. Андан соң банкка баардык документтер берилген соң, ушул маалдан тарта сатып алуучу мүлккө ээлик кыла баштайт. Андыктан, эсептеги акчаларды пайдалана берет. 

Ай ии бул абдан кымбат кызмат болсо керек?

- «Бай-Түшүм»  банкындагы эскору-эсепти эки валютада ачса болот: сом же АКШ доллары менен. 

-Баардык тобокелдиктен коргогон бул кызмат канча турат болду экен? 

-Арзыбаган баа-болгону жасалган сооданын  0.15% түзүп, 5000 ашпайт. 

-Андан тышкары банк сиздерге эсептеп, купюралардын эскилерин иргеп,  алтургай жасалма акча алып калуу  коркунучунан коргойт. 

Эскертебиз,  эскроу-эсеп, аманат үчүн ачылган эсеп эмес. Андыктан ага акча топтой албайсыз. Болгону, тараптардын ортосундагы соодалашууда  ачык эсеп жасоо үчүн сунушталган кызмат. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу