Былтыр Кыргызстан негизинен рудаларды жана баалуу металлдардын концентраттарын экспорттогон. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.
Кыргызстан Казакстанга баалуу металлдардын рудаларын жана концентраттарын экспорттойт. Ал 2021-жылы өлкөлөр ортосундагы өз ара экспорттун жалпы көлөмүнүн 40% түзгөн.
Акчалай түрдө алсак, 2021-жылы Кыргызстан Казакстанга 143,9 миллион долларлык баалуу металлдардын рудаларын жана концентраттарын жөнөткөн. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 18%га көп.
Кыргызстандын эң көп экспорттогон экинчи товар жез калдыктары жана лом темири. Алсак, өткөн жылы Орусияга 102,8 миллион долларлык лом темири жөнөтүлгөн.