Чыгарылган датасы 25 жылдан ашкан учактарды колдонууга тыюу салынды

28.02.2020, 16:30 Акчабар
Чыгарылган датасы 25 жылдан ашкан учактарды колдонууга тыюу салынды

Чыгарылган датасынан тартып 25 жылдан ашкан аба кемелери Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Тиешелүү чечимге премьер-министр кол койгон. Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизилүүчү жүк аба кемелерин чыгарылган датасына карата чектөө жана ага байланыштуу колдонуу мөөнөтү кайра каралып чыккан.

Документ жарандык авиацияны өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын аймактарынын калкына товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынган. Муну менен катар жүк аба кемелери тарабынан жүргүзүлгөн өлкөнүн товар жүгүртүүсүн жогорулатып, авиациялык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана чет өлкөлүк авиакомпаниялар менен күчтүү атаандаштык түзүүнү шарттайт. 

Мындан тышкары киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык учууга жараксыздыгына байланыштуу акыркы 2 жыл ичинде учпай турган аба кемелери дагы КР жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестринен чыгарылат.

Тэги: чыгарылган дата аба кемеси учак

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу