Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 12 аймактык гезитти чыгышаны актабагандыгы үчүн жоюуну сунуштоодо. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документтин негиздемесинде токтомдун долбоору облустук гезиттердин редакцияларынын ишин оптималдаштыруу жана аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик маалыматтык саясатын өркүндөтүү максатында иштелип чыкканы айтылат.
Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, бул гезиттерде 228 кызматкер эмгектенип, алардын маянасына жыл сайын 105 миллион сом бөлүнөт.
“Каржылык анализге ылайык, бир дагы облустук гезит өзүн-өзү актай албайт. Бул бюджеттик каражаттардын натыйжасыз пайдаланылышына себеп болууда. Бул аймактык гезиттердин редакцияларын реформалоо үчүн кескин чаралар керек экенин билдирет”, - деп айтылат маалыматта.
Төмөнкү гезиттерди жоюу сунушталууда:
“Жергиликтүү калктын мезгилдүү басылмаларга болгон суроо-талаптары жоголду, телерадио, мобилдик интернетти колдонуу көбөйдү”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.
Токтом долбооруна ылайык, гезиттер жоюлгандан кийин мурдагы кызматкерлерге жеңилдиктер жана компенсациялар төлөнөт.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане