Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө токтомду 27-июлда өткөн отурумда кабыл алды.
«Эфирдик убакыт, ЖМК үчүн басмакананы жана Интернет-басылмаларда жарыялоо укугун берүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылат», - деп маалымдады БШК.