COVID-19: Ошто катуу чаралар кабыл алынышы мүмкүн

29.06.2020, 17:50 Акчабар
COVID-19: Ошто катуу чаралар кабыл алынышы мүмкүн

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов азыркы абалга байланыштуу шаар тургундарына кайрылуу жасады.

 

Калаа башчысы өз сөзүндө коронавирус илдетин жайылтпоо үчүн мындан да катуу чаралар кабыл алынышы мүмкүн экендигин айтып, дарыгерлер койгон талаптардын баарын так аткарууга чакырды.

«Ош шаарында эпидемиологиялык абал курчуп бара жатат. Кыргызстанда коронавирус инфекциясы тарай баштаганда эле шаарда чектөөлөр киргизилген болчу. Өзгөчө абал алынгандан кийин көпчүлүгүбүз кырдаалга кайгыдер карап, санитардык талаптарды аткарбай калдык. Ош шаарында 29-июнга карата коронавируска кабылгандардын саны 650 адамга жетти, тилекке каршы, сегиз адам каза болду», - дейт мэр өз кайрылуусунда.

 

Калаа башчысы өз сөзүндө шаарда санитардык талаптарды сактабаган фактылар дагы катталып жаткандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 29-июнга карата коронавирус жуктурган 269 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 5017ни түзөт. Алардын ичинен 2294 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 50 адам (+3 жаңы учур бүгүн катталды) каза болду.

Тэги: Ош шаары мэр Таалайбек Сарыбашов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу