COVID-19: вакцинанын эң көп дозасы Сузакка бөлүндү

14.07.2021, 11:40 Акчабар
COVID-19: вакцинанын эң көп дозасы Сузакка бөлүндү

Жалал-Абад облусуна Кытайдын "Синофарм" вакцинасынын 85 миң дозасы бөлүндү. Учурда вакцина аймактагы бардык район, шаарлардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, коронавирус инфекциясына каршы эмдөө аймактардагы калктын санына жараша бөлүштүрүлөт. Азыркы тапта негизинен Сузак районуна 19 миң 283 доза жеткирилген.

Буга чейин Жалал-Абад облусу боюна 13 миң 902 жаран COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн. Аймакта жалпысынан 1 миллион 200 миңден ашуун тургун жашайт.

 

Тэги: вакцина Жалал-Абад Сузак синофарм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу