Президенттин Аппаратынын бөлү башчысы Жээнбековдун жарлыгына комментарий берди

09.01.2020, 11:30 Акчабар
Президенттин Аппаратынын бөлү башчысы Жээнбековдун жарлыгына комментарий берди

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев Президент Сооронбай Жээнбековдун 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгына комментарий берди. Маалымат президенттин сайтынан алынды. 

Ал комментарий берип жатып, өлкөнүн региондорун өнүктүрүү боюнча милдеттер Мамлекет башчысы тарабынан бир нече жолу айтылганын эске салды. 

«Региондордун потенциалын жана алардын инфраструктурасын өнүктүрүү, жер-жерлерде сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча комплекстүү жана системалуу иштер жасалышы керек», — деп белгиледи Данияр Иманалиев.

Президенттин Аппаратынын бөлүм башчысы ошондой эле кийинки этапта жеке секторлордун жана өлкө жарандарынын санариптештирүү процессине активдүү катышууларын талап кылган долбоорлор да бар экенин кошумчалады.

«Иштелип чыккан жана ишке киргизилген санариптик аракеттенишүүнүн механизмдери ошондой эле санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүнү талап кылат. Жаңы инновациялык технологиялардын колдонуучусу болуш үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү өздөрү маалыматтык технологияларды колдоно билиши керек. Санарип технологиялардын экономикага жана социалдык тармакта тереңирээк кириши үчүн биз ошондой эле калктын арасында санарип сабаттуулугун жогорулатышыбыз керек. Бул талаптарга ылайык аталган Жарлыкта санарип сабаттуулугунун потенциалын жогорулатууга багытталган бир катар иш-чаралар каралган», — деп баса белгиледи ал.

Данияр Иманалиев Кыргызстан узак мөөнөттүү келечекте инновацияга жана билимге негизделген өнүккөн маалыматтык коомдун өлкөсү болууну милдет катары коерун белгиледи.

Мындан тышкары, жаш муунду бүгүнкү өзгөрүп турган дүйнөнүн реалдуулугуна жана санариптештирилген келечекке даярдоону негизги багыт катары атады.

 

 

 

Тэги: 2020 год указ президента развитие регионов цифровизация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу