Дарылык каражаттарын алып кайра сатуу менен алектенгендерге карата кылмыш иштери козголду

13.07.2020, 09:30 Акчабар
Дарылык каражаттарын алып кайра сатуу менен алектенгендерге карата кылмыш иштери козголду

Каржы полициясы тарабынан өткөрүлгөн көзөмөлдүк сатып алуунун жыйынтыгында, шаардын кээ бир жерлеринде «Клексан» дарылык каражатынын 1 даанасы 8 миңден 14 миң сомго чейинки баада сатылып жаткандыгы аныкталган.

Бир катар физикалык жактар аталган дарылык каражатынын үстүнө баа кошуу менен кайра сатууну жүргүзүп, өлкөдө болуп жаткан ажиотаждын эсебинен мыйзамсыз байууга аракет жасагандыгы аныкталган.

Каржы полициясы белгилеп кеткендей, азыркы учурда спекулянттарга карата сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен укуктук баа берилет.

«Маанилүү дарылык каражаттарды көтөрүлгөн баада сатып, «спекулянттык» менен алектенген жарандарды эскертебиз, учудагы кырдаалды колдонуп, элдин эсебинен каражат топтоого жол берилбейт!»- деп билдиришет мекемеден.

Тэги: спекуляция Каржы полициясы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу