“Түндүкэлектро” абоненттеринин дебитордук карызы 47.3% кыскарды

23.09.2019, 17:20 Акчабар
“Түндүкэлектро” абоненттеринин дебитордук карызы 47.3% кыскарды

2019 – жылдын 1 – сентябрында ААК “Түндүкэлектронун” абоненттеринин электр энергияга болгон карызы 376.5 млн. сомду түзгөн. 8 ай ичинде дебитордук карыз 338 млн. сомго (47.3%)  кыскарган. 

Дебитордук карыздын 313,1 млн. сомго же 59,5 % төмөндөшү калк категориясында катталган.
Бюджеттик уюмдар категориясы – 25,1 млн. сомго же 32,4 %;

өндүрүш  абоненттери – 3,3 млн. сомго же 7,4 % төмөндөтө алышкан.  

Ал эми айыл-чарба керектөөчүлөрү категориясында дебитордук карыз – 199 мин сомго же 5,4 % жана башка керектөөчүлөрүндө – 3,4 млн. сом же 5,5 %га жогорулаган.

«Северэлектро» ААК тейлеген бардык аймактарда дебитордук карыздын төмөндөшү байкалат:

борбор калаада – 94,5 млн. сомго же 44 %;

Чүй облусунда – 203,3 млн. сомго же 51,2 %;

Талас облусунда  - 40,2 млн. сомго же 39,1 % га төмөндөгөн.

 

Тэги: Северэлектро дебиторская задолженность

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу