Кыргызстанда электр энергиясынын таңкыстыгы беш жылда 12 эсе өсүшү мүмкүн

24.02.2023, 11:26 Акчабар
Кыргызстанда электр энергиясынын таңкыстыгы беш жылда 12 эсе өсүшү мүмкүн

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын министрлер кабинети менен тарифтик реформалар маселеси боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууда. Бул тууралуу банктын Чакан ГЭСти модернизациялоо боюнча кеңешинин отчетунда айтылды.

Дүйнөлүк банктын эсептөөсү боюнча, тарифтер өзгөрбөсө деле, Кыргызстанда электр энергиясынын таңкыстыгы жакынкы беш жылда 12 эсеге өсө турганы такталган. Ошондуктан, ЕРӨБ жана башка Эл аралык финансы институттары (ЭФУ) министрлер кабинети менен бирге чыгымдарды чагылдыруучу тарифтерди киргизүү боюнча иш алып барууда.

"Учурда жүргүзүлүп жаткан диалог айрым керектөө топтору, анын ичинде өнөр жай колдонуучулары (анын ичинде криптовалюталык чарбалар) жана тоо-кен казып алуу компаниялары үчүн тарифтерди жогорулатуу түрүндө биринчи оң натыйжа берди", - деп айтылат банктын отчетунда.

ЕРӨБ Дүйнөлүк банк менен бирдикте Кыргызстандын калкынын аялуу катмарын колдоо жана жеткиликтүүлүк боюнча чектөөлөрдү эске алуу менен тарифтерди реформалоо боюнча ишти улантат.

Тэги: экономика новости Кыргызстана дефицит электроэнергии ЕБРР Всемирный банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу