Тажикстандын республикалык бюджет тартыштыгы 400 млн сомонду (42 млн $) түзгөн. Бул тууралуу Asia-Plus билдирет.
Тажикстан республикасынын президенти алдындагы агенттиктин маалыматына ылайык, учурда бюджетке 16.7 млрд сомониден ашык каражат (1 млрд 717 млн $ жакын) келип түшкөн.
Каражаттын көпчүлүк бөлүгү (3 млрд сомониге жакын) билимге, социалдык камсыздандырууга жана социалдык коргоого (2 млрд сомониден ашык) жумшалган.
Мамлекеттик бюджет 861 млн сомониге (900 млн $) толукталган эмес.