Келерки, 2023-жылга мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 21 миллиард 263 миллион сомду же ИДПга карата 2,3%ды түзөт. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев парламенттин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылга мамлекеттик бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү каржылык активдерди эсепке албаганда 344 миллиард 29 миллион сом (ИДПга карата 37,1%) деп белгиленген.
Ал эми, 2023-жылы бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн 21 миллиард 263 миллион сом каржылоо булактары каралган.
Ошондой эле, мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2023-жылы мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешелери 322 миллиард 766 миллион сом же ИДПга карата 34,8% каралганы белгиленди.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане