Кыргызстандын соода балансынын тартыштыгы 2022-жылы 2,6 эсеге өстү

14.03.2023, 10:06 Акчабар
Кыргызстандын соода балансынын тартыштыгы 2022-жылы 2,6 эсеге өстү

Өткөн жылдын аягында Кыргызстандын соода балансынын тартыштыгы 2,6 эсеге көбөйүп, 7,4 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу ЕӨБ аналитиктери акыркы макроэкономикалык баяндамасында жазышты.

Көрсөткүчтүн мындай динамикасына экспорттун наркынын 20,5%га төмөндөшү менен импорттук чыгымдардын 1,7 эсеге көбөйүшү шарт түзгөн.

"Экспорттук кирешенин азайышы алтындын чет өлкөлөргө физикалык сунуштарынын азайышы менен байланыштуу, аны эсепке албаганда, көрсөткүч 62,3%га өстү, бул негизинен Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө жеткирүүлөрдүн эсебинен (81,7%)", - деп түшүндүрүштү авторлор.

Кыргыз Республикасынын импортунун товардык номенклатурасында кездемелерди, кийимдерди жана аксессуарларды, ошондой эле машиналарды жана жабдууларды берүүнүн көбөйүшү белгиленгендигин кошумчалайбыз.

Тэги: новости Кыргызстана экономика торговый баланс импорт экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу