Декларациялык кампания-2018: Депутат Канат Исаевдин  турак үйү жок

12.12.2019, 11:00 Акчабар
Декларациялык кампания-2018: Депутат Канат Исаевдин  турак үйү жок

Салык кызматы 2018-жыл үчүн декларациялык кампанияны аягына чыгарып, анын жыйынтыгын жарыялай баштады.

Депутат Канат Исаевдин турак үйү жок, бирок үй жандыктары- 17 миллион сомдук жылкылары жана унаасы бар. Былтыр эл өкүлү 7 миллион 210 миң сом иштеп тапкан.

Эске салсак, 2018-жылдын июлунун ортосуна чейин Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында отурган.

Канатбек Исаевди 2017-жылдын 30-сентябрында кармашкан. Ага бийликти күч менен басып алуу айыбы тагылган. Буга чейин ал жемкорлукка айыпталып келген. Бирок, иш мөөнөтүнөн өтүп кеткендиктен, кыскартылган болчу. Экинчи ишти кайра иликтөөгө жиберишкен.

Депутаттын туугандары, эгер отчетко ишене турган болсок, үй-жайсыз, жумушсуз, жеке капиталдары жок.

 

Тэги: декларациялык кампания турак жай Депутат кампания Канат Исаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу