Дем берүүчү гранттардын эсебинен 4 млн сомго балдар аянтчалары оңдолду

26.12.2023, 13:11 Акчабар
Дем берүүчү гранттардын эсебинен 4 млн сомго балдар аянтчалары оңдолду

Садовое жана Аламүдүн айылдарында республикалык дем берүүчү гранттын эсебинен жети балдар аянтчасы курулду. Бул тууралуу Аламүдүн айыл аймагынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, эскирген балдар аянтчаларын жакшыртуу боюнча долбоордун баасы 4 млн 80 миң сомду түздү. Дем берүүчү гранттын 2 млн 580 миң сому каралса, калган 1,5 млн сому жергиликтүү кеңештин сессиясынын чечими менен жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. 

Белгиленгендей, тилкелерди жакшыртуу иштери жүргүзүлүп, тактап айтканда, аянтчалардын үстү толтурулуп, даярдалып, бордюрлар, отургучтар, таштанды челектери орнотулган.

“Ар бир аянтча каруселдер, селкинчектер жана оюн комплекстери жабдылган. Гранттык колдоонун жардамы менен балдардын физикалык өнүгүүсү жана активдүү эс алуусу үчүн шарттар түзүлүп, тургундар балдары менен сапаттуу сейилдөөгө мүмкүнчүлүк алышат”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Тэги: дем берүүчү грант балдар аянтчасы Аламүдүн грант

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу