“Кайыңды-Кант” ачык акционердик коому “Демир Банк” менен банктык айлануучу насыя келишимин түздү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.
Келишим 2 млн доллар өлчөмүндө айлануучу кредиттик линияны ачууну камтыйт.Акча жылына 9% менен берилет. Төлөө мөөнөтү 2023-жылдын 20-августа чейин.
Белгилей кетсек, келишим өткөн жылдын 30-декабрында түзүлгөн.