«Үйрөн. Чогулт. Иштеп тап» урааны астында Финансы министрлиги ачык эшик өткөрөт

08.04.2019, 11:30 Акчабар
«Үйрөн. Чогулт. Иштеп тап» урааны астында Финансы министрлиги ачык эшик өткөрөт

Финансы министрлиги «Үйрөн. Чогулт. Иштеп тап» урааны астында Ачык эшиктер күнүн өткөрөт.  Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгына (Global Money Week) арналган иш-чаралардын алкагында 2019-жылдын 10-апрелинде Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларынын жогорку курстарынын студенттери үчүн «Үйрөн. Чогулт. Иштеп тап» урааны астында Ачык эшиктер күнүн өткөрөт.

Бул иш-чара жыл сайын бүткүл дүйнөдө мамлекеттик органдардын, министрликтердин, борбордук банктардын, финансылык мекемелердин катышуусунда өткөрүлүп келет.

Ачык эшиктер күнүнүн негизги максаты – финансы чөйрөсүнүн болочоктогу адистерин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ишмердүүлүгү, ошондой эле анын ведомствого караштуу бөлүктөрүнүн функциялары жана милдеттери менен тааныштыруу.

Бул масштабдуу эл аралык өнөктүктүн миссиясы – келечекте жаштар өз алдынча финансылык чечимдерди кабыл ала алышы үчүн алардын финансылык сабаттуулугу көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн бурдуруу.

Жолугушууга:

- И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин;

- И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин;

- Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университинин;

- М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин;

- Адам университетинин / Бишкек финансы-экономика академиясынын;

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын;

- Башкаруу, укук, финансы жана бизнес эл аралык академиясынын финансы-экономика факультеттеринин 140 студенти чакырылган.

Тэги: Минфин Всемирная неделя денег

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу