Апрель айында жеке адамдар Кыргызстанга акча которуу системалары аркылуу 156 миллион доллар которгон, бул бир ай мурдагыдан 8,2% аз. Мындай маалыматтарды республиканын Улуттук банкы берет.
Жалпысынан быйылкы жылдын төрт айында 624 миллион доллар которулган, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,3% аз.