Жыл ичинде Кыргызстанга акча которуулар 31,6% кыскарды

11.09.2023, 10:44 Акчабар
Жыл ичинде Кыргызстанга акча которуулар 31,6% кыскарды

Жети айдын ичинде Кыргызстан тез которуу системалары аркылуу 1 миллиард 107,4 миллион доллар алды, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,6% аз. Бул быйыл каралып жаткан мезгилде Орусиядан 540 миллион долларга аз акча келгендигине байланыштуу.

Буга чейин “Акчабар” редакциясы Кыргызстандын Улуттук банкынын аналитиктеринин пикиринде, келип түшкөн акча которуулардын көлөмүнүн мындан ары кыскаруу коркунучу бар экенин, бул керектөө суроо-талабынын кыскарышына алып келиши мүмкүн экенин жазган.

Ошентип, июль айында Кыргызстанга 145,9 миллион доллар жөнөтүлгөн, бул мурунку айга салыштырмалуу 17,6 миллион долларга аз. Белгилеп кетсек, трансферттердин кыскаруусу экинчи ай катары менен катталууда. Бул Россия Федерациясынан (-16,1 миллион доллар), Улуу Британиядан (-100 миң доллар), Германиядан (-300 миң доллар) жана АКШдан (-600 миң доллар) трансферттердин кыскарышына байланыштуу.

Тэги: новости Кыргызстана денежные переводы деньги экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу