Элдин COVID-19га күрөшүү үчүн топтогон каражаты мыйзам бузуулар менен сарпталган

19.10.2021, 12:42 Акчабар
Элдин COVID-19га күрөшүү үчүн топтогон каражаты мыйзам бузуулар менен сарпталган

Кыргызстандыктардын COVID-19 менен күрөшүүгө ыктыярдуу салымдары 2020-жылдын бюджетине киргизилген эмес. Эсеп палатасы аудиттин жыйынтыгы боюнча ушундай тыянакка келген.

Эске салсак, Өкмөттүн 2020-жылдын 28-мартындагы №112 буйругуна ылайык, Каржы министрлиги Саламаттык сактоо жана Эмгек министрлигинде COVID-19 менен күрөшүү максатында ыктыярдуу кайрымдуулукту чогултуу үчүн депозиттик эсептерди ачкан. Маалыматка ылайык, жалпысынан 160 миллион 131,2 миң сом түшкөн. Саламаттык сактоо министрлигинин депозитине - 142,7 миллион сом, Эмгек министрлигине - 17,4 миллион сом.

2020-жылдын аягында эки эсептен 151 миллион 373,3 миң сом сарпталган. Ошол эле учурда, бул бюджеттик каражаттарды башкаруучулардын сметасы жок жана 2020-жылдын бюджети жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрсүз жасалган.

"Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 105-беренесин жана Бирдиктүү казыналык системасындагы депозиттик эсептерге топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жобону бузуу менен 151 миллион 373,3 миң сом суммасындагы чыгым сарпталды. Алар кирешелер жана чыгашалар боюнча 2020-жылдын бюджети жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө эске алынган эмес. Натыйжада, бул сумма республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко киргизилген эмес, бул Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын принцибине каршы келет ”, - деп айтылат Эсеп палатасынын отчетунда.

Тэги: сбор для борьбы с COVID-19 деньги кыргызстанцы пожертвования расходы бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу