Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепкекезектеги 8 миллион 633 миң 465 сом өлчөмүндө акча которду.
Бүгүнкү күндө, ЭККМК тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 717 миллион 475 миң 57 сомду түздү.
Кызмат тарабынан казыналыктын региондук бөлүмдөрү аркылуу акча каражаттарын өндүрүү боюнча иштер активдүү уланып жатат. Ошентип, сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүнүн алкагында, ЭККМК тарабынан республиканын эң ири компанияларынын бири – “А.Т.” жабык акционердик коомго көрүлгөн чаралар менен казыналыктын органдары аркылуу жалпысуммасы 188 миллион сом салыктык карыз төлөнгөн. КРБ аркылуу өндүрүлгөн акча каражаттарынын жалпы суммасы 2019-жылдын өткөн мезгилинде - 1 миллиард 702 миллион сомду (анын ичинде БДЭ) түздү.