2021-жылдын январь айына карата коммерциялык банктардын депозиттик портфели 179.2 млрд сомду түздү. Өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу көлөм 1.7 млрд сомго төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Регулятордун маалыматына ылайык, улуттук валютадагы салымдардын көлөмү 99.7 млрд сомду түздү, чет элдик валютадагы көлөм – 79.4 млрд сомго жетти.
Сом менен берилүүчү депозиттердин орточо чени 5.7%, чет элдик валютаныкы - 1.1% түздү.