Салык кызматынын айланасындагы чыр. Абдалиев кызматкерлерин мажбурлап кетиргенби?

03.02.2020, 14:20 Акчабар
Салык кызматынын айланасындагы чыр. Абдалиев кызматкерлерин мажбурлап кетиргенби?

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы боюнча отурумунда «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Айбек Алтынбеков Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинен Мамлекеттик салык кызматынын Ала-Бука районундагы башкармалыгынын жетекчиси эмне себептен жумуштан алынгандыгын сурады. Салык кызматынын жетекчиси Кабыл Абдалиев аталган аткаминер ден-соолугуна байланыштуу кызматтан өз каалоосу менен кеткендигин жана азыркы күндө иш планы ашыгы менен аткарылып жаткандыгын билдирди. Ага жооп катары А. Алтынбеков анда анализ бар экендигин айтты.

«Планды 69-89 пайызга аткарган башка башкармалыктар бар, алар өз ордуларында отурат. Эмне себептен Ала-Букадагы башкармалыкка планды ашыгы менен берип жатасыз? Планды 150, 170, 183 пайызга ашыгы менен бересиз, бирок ал ашыгы менен аткарылып жатабы?»-деп сурады эл өкүлү.

Бул суроого К. Абдалиев толук маалыматты берерин айтты.

«Мамлекеттик салык кызматынын Ала-Букадагы башкармалыгынын жетекчиси кызматтан өз каалоосу менен кетти»,-деп кайталады К. Абдалиев.

«Сиз ага планды ашыгы менен бергенсиз, ошондуктан ал кызматтан өз каалоосу менен кеткенге аргасыз болгон. Сиз жооп бербей эле койсоңуз болот»,-деди А. Алтынбеков.

К. Абдалиев Ала-Бука району планды ай сайын 102 пайызга аткарылып жаткандыгын жана жергиликтүү салык кызматынын башкармасы кызматтан өз каалоосу менен кетип, азыркы учурда вакансия ачык бойдон тургандыгын билдирди.

«Сиз аны кетүүгө мажбурладыңыз, ага акыркы айларга карата 183 пайыз план койдуңуз, ал аткара албагандыгына байланыштуу кетүүнү чечкен. Анын кант диабети жана кан басымы бар. Сиз өтө тажрыйбалуу адамды кызматтан алдыңыз. 2012-жылы дагы сиз ал адамды жумуштан алгансыз. Болду, жооп бербей эле коюңуз»,-деди А. Алтынбеков.

Салык кызматынын жетекчиси бул туура эмес маалымат экендигин билдирди.

Тэги: салык кызматы жумуш кызмат Кабыл Абдалиев Ала-Бука

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу