Парламентте Кыргызстан «Кумтөрдөн» канча киреше алып жатканы туурасында сөз болду

04.11.2022, 13:18 Акчабар
Парламентте Кыргызстан «Кумтөрдөн» канча киреше алып жатканы туурасында сөз болду

Парламенттин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында депутат Айбек Алтынбеков Кыргызстан “Кумтөрдөн” салыктарды эсепке албаганда канча киреше алып жатканын сурады.

Ошондой эле, ал алдыңкы үч жылдагы алтын казуунун планын жана аны сатуудан түшө турган киреше тууралуу сурады.

Буга жооп катары, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев 2023-жылы “Кумтөрдө” 17,6 тонна алтын казып алуу пландалып жатканын айтты.

“Алтын бюджетке түз түшпөйт. Өкмөт же Улуттук банк алам десе сатып алат, болбосо башкаларга сатат. Салыктан тышкары бизге алтындын наркынан дивиденддер төлөнөт, бул 25%дан кем эмес, бирок аны акционерлер чечет. Азыр акча толугу менен Кыргызстанда калат”, - деди ал.

Алтынбеков кенден түшкөн пайданын кеминде 50%ы мамлекетке түшүшү керектигин кошумчалады.

Тэги: Айбек Алтынбеков Кумтор Адылбек Касымалиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу