Ч.Турсунбеков М.Аспековду сотторду сатып алуу үчүн акча сураганын айтты

13.09.2019, 17:29 Акчабар
Ч.Турсунбеков М.Аспековду сотторду сатып алуу үчүн акча сураганын айтты

КСДП фракциясынан ЖКнын депутаты, мурунку  спикер Чыныбай Турсунбеков акыркы эки айдан бери анын дарегине айтылып жаткан жалган маалыматтар тууралуу 13-сентябрдагы партиянын жыйынында маалымат берди. 

Анда депутат: “Мурун мындай каралоолор болуп эле келген. Мен Б.Сарногоевдин ырындагыдай “Ал мени итсиң деди. Итмин дедим. Не кылам жаакташып, жаман айтып? Мен анын ит экенин билип туруп” деген ыр саптарында айтылгандай теңелбей, унчукпай келгем. Бирок, бир жигит акыркы эки айдан бери чектен ашып кетти. Ошол себептен мен маалымат катары айтып коюуну туура көрдүм. Мелис Аспеков деген жарандык активист бар имиш. Ал мага 2 ай мурун  ортого тааныштарды салып отуруп жолугууга келген. Макул, деп тааныштарымдын көңүлүн кыйбай кабыл алгам. Мага келген соң,  ал мурунку камалганын менден көрүп, мени сиз каматыпсыз деп мени ачык эле айыптап чыкты. Ал өзү депутат болгусу келип жургөн экен. Депутат  болуш үчүн соттуулукту алдырып салыш керек болуп атат, аны алдырыш үчүн, сотторго акча бериш керек экен. Ошол акчаны мага сиз берип коюңуз деп келиптир. Мен албетте берген жокмун. Ошондон кийин шантаж кыла баштады. Мен анысына деле унчукккан жокмун. Кечээ жакында эле М. Аспеков мени коркутуп, үркүткөн телефон чалуулар келип атат деп айтып чыгыптыр.” – деп билдирди. 

 

Андан сырткары, депутат жыйында отурган укук коргоо органдарына бул ишти акыйкат талдап чыгууларын, коркутуулар болуп жатса, ким коркутуп жатканын ачык териштирүү керек экенин айтты. 

Депутат, М.Аспеков мурунку жана азыркы сот бийликтеринде иштеген кызматкерлердин фамилиясын акча талап кылды деп ачык айткан боюнча далилдер жана жолугушуудагы бардык маалыматтар бар экенин кошумчалады. 

Эске сала кетсек, М. Аспеков буга чейин эки жолу абакка камалган. 

Анын бири, 2015 – жылы июнь айында, өзү отурган таксинин 100 сом акысын төлөбөй, тапанча менен айдоочуну коркутту деген айып менен, “Тартипсиздик” беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. 2016 – жылы соттун чечими менен М.Аспеков 5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, Аспеков өзүнүн дарегине айтылган бул айыпты мойнуна алган эмес. Андан кийин 2017 – жылы К.Исаев жана «Республика» партиясынын башка тарапташтары менен байланышта болуп, президенттик шайлоо учурунда жана андан кийин массалык баш аламандык уюштуруу үчүн тарапташтарын чогултууга аракет кылган деген айып менен УКМКнын абагына киргизилген. Кийинчерээк ага Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси (массалык баш аламандыкка даярдануу) жана 195-беренеси (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) фактысы менен кылмыш иши козголгон. 

Депутат М.Аспековду кайсы учурдагы камалганына күнөөлөгөнүн айткан жок. 

Активист Ч. Турсунбековдун мүлкүн текшерүү үчүн прокуратурага кайрылгынын 13-сентябрь күнү эртең менен өздүк социалдык баракчасы аркылуу билдирүү тараткан. 

 

Бул тууралуу депутат, жергиликтүү маалымат булактарына буга чейин айыптоолор болуп келгенин териштирүүдө эч кандай мыйзам бузулар табылган эмес экенин билдирген. 
 

Аспеков эл өкүлүнүн бүгүнкү билдирүүсүнөн кийин кайрадан өзүнүн соц. баракчасына депутаттын кайдагы жомокторду, анын үстүнө прокуратурага арыз жазгандан кийин ойлоп таап жаткандыгын жазып чыкты. 

 

 

 

Активист бул кадамдарын коррупция менен болгон ачык күрөшүү деп түшүндүрсө, ал эми депутат бул өзүнө уюштурулуп жаткан  “шантаж” деп кабыл алууда. 

 

 

Тэги: шантаж коррупция сот КСДП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу