Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламенттик жыйында каржы пирамидаларын калкалаган прокурорлордун аты-жөнүн коомчулукка жарыялоону убада кылды.
Анын айтымында, акыркы убакта каржы пирамидаларынын курмандыгы болуп жаткандар көбөйүүдө жана парламент бул көйгөйгө кайдыгер болбошу керек.
Эске салсак, 2022-жылдын 9 айында каржы пирамидаларын уюштуруу фактысы боюнча 700дөн ашык кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу “Акчабарга”ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин айтымында, быйыл 900 кылмыш иши тергелсе, анын 170и былтыр козголгон. Бүгүнкү күндө 691 иш сотко жөнөтүлүп, 4 иш токтотулган.