Депутат пакистандыктардын жол эрежесин бузуп жатканына нааразы болду

16.05.2024, 14:25 Акчабар
Депутат пакистандыктардын жол эрежесин бузуп жатканына нааразы болду

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Кыргызстанда иштеп жаткан Пакистандын жана Бангладештин жарандары жол эрежелерин бузуп, кырсыктарга себепкер болуп жаткандыгын айтты. Бул тууралуу Reporter.kg жазды. 

Ал бул эки өлкөдөн келген мигранттардын саны, аларга берилген эмгек визасынан бюджетке канча түшүп жатканы боюнча маалымат сурады.

“Азыр алар жеткирүү кызматында, таксиде дагы иштеп жатат. Жол эрежесин сактабай, кырсыктарга себеп болушууда. Кимдер аларга айдоочулук күбөлүк берди? Баарын текшерип, кайра сынак алыш керек”, - деди депутат.

Тэги: эмгек миграциясы жол эреже мигрант Пакистан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу