Депутат Теңиз Бөлтүрүктү Жогорку Кеңешке чакырууну суранды

07.09.2022, 10:30 Акчабар
Депутат Теңиз Бөлтүрүктү Жогорку Кеңешке чакырууну суранды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов “Кумтөрдүн” мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүктү парламентке чакырууну суранды.

Ал белгилегендей, бир кезде депутаттар “Кумтөрдү” мамлекетке өткөрүү демилгесин колдоп, жашоо жакшы жакка өзгөрөт деп күтүшкөн.

“Кумтөр боюнча Эсеп палатасынын жыйынтыгы кандай болду? Бул миллиарддаган доллар. Тенгиз Бөлтүрүк жана Улуттук банктын төрагасы маалымат бериши керек. Шайлоочулар бизден сурап жатышат”, - деди ал.

Демилгени депутаттар Тазабек Икрамов менен Дастан Бекешев колдоп, “Кумтөр” маселесин өзүнчө кароону сунушташты.

Тэги: Тенгиз Болтурук парламент ЖК КР Кумтор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу